Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Алгачкы ирет агроөнөржай комплекси менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Алгачкы ирет агроөнөржай комплекси менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Агроөнөр жай тармагында жигердүү ишмердүүлүк жүргүзгөн 11 ассоциациялардын жетекчилери менен колдоо көрсөтүү багытындагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Мындай агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу боюнча меморандумга Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет кол коюлуп жатат. Ал келишимдер өлкөдөгү азык-түлүк системаларын жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган биргелешкен иш-аракеттерди баштоого шарт түзөт.

Меморандумдун негизинде агроөнөр жай комплексине мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө арналган азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер көрүлөт.

Меморандумга төмөндөгү ассоциациялар кол коюшту:

“Кыргызстандын сүт ассоциациясы”;

“Кыргыз жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясы”;

“Кыргыз Республикасынын Балчылар палатасы”;

“Кыргыз Республикасынын Жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясы”;

“Кыргыз Республикасынын Мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясы”;

«Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча «Балык кластери»;

«Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы»;

“Кыргыз жүн” Улуттук Ассоциациясы;

“Кыргыз Республикасынын өсүмдүк майы кластери”;

“Кыргыз Республикасынын Канаттуулар Ассоциациясы”;

“Кант кластери” Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы;

Show More
Back to top button