Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Азыркы учурда республика боюнча 36,9 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Азыркы учурда республика боюнча 36,9 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолду

Үрөнчүлүк чарбалар жана республиканын башка чарбакер субъекттери тарабынан 2024-жылдын күздүк талаа айдап себүүгө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыздоо иштерин алып барууда Республика боюнча жалпы 37,4 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Ал эми үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттери тарабынан 36,9 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, камсыздалганы 99,0% түзөт.
Анын ичинен күздүк буудайдын үрөнүнүн керектөөсү 36,2 миң тоннаны түзсө, топтолгону 35,7 миң тонна же 98,9% түзгөн. Күздүк арпанын үрөнүн керектөөсү 1,2 миң тонна болсо, топтолгону 1,2 миң тонна же 100% түздү жана тритикаленин керектөөсү 11 тоннаны түзүп 100% камсыздалган.
Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин региондук башкармалыктары тарабынан 2024 жылдын күздүк себүүсүнө 29,5 миң тонна күздүк дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү текшерилген. Анын ичинде 28,4 миң тонна күздүк буудай жана 1133 тонна күздүк арпа текшерилди. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн текшерилген үрөндөрүнүн ичинен 28,2 миң тонна же 79,1% себүү кондициясына туура келген, анын ичинде күздүк буудай 28,1 миң тонна же 78,6%, күздүк арпа – 1103,1 тонна же 94,0 % түздү.

Show More
Back to top button