Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти“Соң-Көл балык чарбасы” МИ түзүмдүк бөлүмүнүн бекитилген иш-чара планына ылайык Соң-Көл көлүндө сууга чөгүп кеткен эски браконьердик балык уулоочу торлорунан жана башка балык уулоочу шаймандарынан тазалоо иштери жүргүздү.
Тазалоо боюнча рейд “Соң-Көл балык чарбасы” МИ кызматкерлери Нарын экологиялык-техникалык инспекциясынын жана Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте “Беш-Мойнок” тилкесинде өткөрүлүлдү.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2 кайык, 1 пелка, 1 казан табылып, ага тиешелүү протокол түзүлдү.