Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жалал-Абадда кесиптик-лицейдин мурдагы жетекчилиги 65 сотых жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жалал-Абадда кесиптик-лицейдин мурдагы жетекчилиги 65 сотых жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан №108 кесиптик-лицейге текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн натыйжасында, 2003-жылы ошол мезгилдеги жетекчилик өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, №108 кесиптик-лицейге тиешелүү болгон 65 сотых жерди менчиктештирип алганы аныкталды.
Жыйынтыгында, КР Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, 9млн 100миң сомду түзгөн 65 сотых жер тилкеси кайра мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Show More
Back to top button