Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү

2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7717 тоннага же 2,1 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарба малдын көбөйүшү менен байланыштуу.

Сүт өндүрүү. 2024-жылдын январь-октябрь айында республикада 1577,6 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 37287 тоннага же 2,4 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 миң башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу, уйлардын орточо сааны отчеттук мезгилде 55,6 кг көбөйүп 1780,6 кг түздү.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 679686 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен  салыштырмалуу 87388 миң даанага же 114,8-пайызга көбүрөөк болгондугун көрсөтөт.

Республикада жумуртка өндүрүү бардык облустарында көбөйүдө.

Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын эң негизги себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун азыктуулугунун 18 даана жумурткага жогоруулашы менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2024-жылдын 1-ноябрына карата республикада 13157,4 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 243-тоннага көбөйүшү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9-пайызды түзгөнү байкалат.

Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, эң негизги себеби – койлордун саны 37609 башка көбөйүшү жана 1 койдон кыркылган орточо жүндүн 0,3 кг жогоруулашы менен байланыштуу.

Show More
Back to top button