Жыл башынан бери өлкө боюнча 5929,8 миң тонна тоют жыйналды, башкача айтканда 2024-2025-жылга мал кыштатууга керектеле турган тоюттардын 100% даярдалды. Анын ичинен: кесек тоют- 3 710, 8 миң тонна, чыктуу тоют – 269.7 миң тонна, дан азыктары -1 949, 3 миң тонна.
Республикада чыктуу тоют даярдоого Министрлик тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, региондорго түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында 2024-жылдын октябр айына карата 269,7 миң тонна силос даярдалды. Бул көрсөткүч 2023-жылдын октябрь айына даярдалган чыктуу тоютка (87,9 миң тонна) салыштырмалуу 181,1 миң тоннага көп. Ошондой эле, буга чейин силос бастырылбаган аймактарда силос бастырылганын белгилей кетүү керек.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Кочкор районунда 12 105 тонна, Нарын районунда 860,0 Кадамжай районунда 1445 тонна, Тогуз-Торо районунда 310 тонна силос бастырылды.