Койдун жүнүнөн органикалык жер семирткичтерди колдонуунун натыйжалуулугун жана анын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн сапатына таасирин баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигина караштуу Кыргыз дыйканчылык илим-изилдее институту тарабынан бул жер семирткичти сыноо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзө баштады.
Алсак, Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту кант кызылчасы боюнча тажрыйба-селекциялык станциясынын боз шалбаалуу топурактарында 4 гектар аянтта күздүк буудайга (5 сорт) жана күздүк арпага (4 сорт) 4 вариантта койдун жүнүнөн жасалган семирткич чачылган. Азык заттардын курамын эске алуу менен үч дозада: 600 кг/га, 500 кг/га жана 400 кг/га. 2025-жылы бул өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинде көчөттөр чыккандан баштап түшүм жыйналганга чейин фенологиялык байкоолор жүргүзүлөт.