Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бакыт Төрөбаев жылына 21600 тонна продукция чыгарууга ылайыкталган “Ак кайың” фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев жылына 21600 тонна продукция чыгарууга ылайыкталган “Ак кайың” фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

«Ак кайың» соода маркасы менен белгилүү болгон фабрикасы жогорку сапаттагы таңгактоочу кагаздарды жана картондорду чыгарууга адистешкен. Ал жерге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын өткөрдү. Фабрикада кайра иштетилген продукциядан кагаз баштыктар, ар түрдүү маркада жана өлчөмдө каптар чыгарылат. Ишкананын сыноо лабораториялары өндүрүштүн бардык баскычтарында продукциянын сапатын көзөмөлдөп жана өркүндөтүп турат. Өндүрүштүн көлөмү күнүнө 60 тонна, бир жылда 21600 тонна продукция чыгарууга ылайыкталган. Фабрика 2016-жылы ишке кирген. Жыйында Бакыт Төрөбаев Президент Садыр Жапаровдун желим буюмдардан таза кагаз буюмдарына өтүү боюнча тапшырмасынын алкагында экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берилип жаткандыгын белгиледи. Айта кетсек, 2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда полиэтилен баштыктары менен желимден жасалган буюмдарды соодада, кызмат көрсөтүү тармактарында өндүрүүгө, иштетүүгө жана бекер берүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет. Учурда Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча президенттин тиешелүү жарлыгына ылайык, соода-сатыкта кагаз баштыктарын пайдалануу ишке ашууда. Бул тажырыйбаны колдонуп, жакынкы жылдары өлкөбүздүн бардык аймактарында желимден экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүү планы коюлган. Көчмө жыйындын жыйынтыгында кайра иштетилүүчү чийки заттын жетишсиздигинин себептери талкууланып, өндүрүш кубаттуулугун пландалган чекке жеткирүү, кагаз продукциясын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча иштеген ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button