«Ак кайың» соода маркасы менен белгилүү болгон фабрикасы жогорку сапаттагы таңгактоочу кагаздарды жана картондорду чыгарууга адистешкен. Ал жерге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын өткөрдү. Фабрикада кайра иштетилген продукциядан кагаз баштыктар, ар түрдүү маркада жана өлчөмдө каптар чыгарылат. Ишкананын сыноо лабораториялары өндүрүштүн бардык баскычтарында продукциянын сапатын көзөмөлдөп жана өркүндөтүп турат. Өндүрүштүн көлөмү күнүнө 60 тонна, бир жылда 21600 тонна продукция чыгарууга ылайыкталган. Фабрика 2016-жылы ишке кирген. Жыйында Бакыт Төрөбаев Президент Садыр Жапаровдун желим буюмдардан таза кагаз буюмдарына өтүү боюнча тапшырмасынын алкагында экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берилип жаткандыгын белгиледи. Айта кетсек, 2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда полиэтилен баштыктары менен желимден жасалган буюмдарды соодада, кызмат көрсөтүү тармактарында өндүрүүгө, иштетүүгө жана бекер берүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет. Учурда Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча президенттин тиешелүү жарлыгына ылайык, соода-сатыкта кагаз баштыктарын пайдалануу ишке ашууда. Бул тажырыйбаны колдонуп, жакынкы жылдары өлкөбүздүн бардык аймактарында желимден экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүү планы коюлган. Көчмө жыйындын жыйынтыгында кайра иштетилүүчү чийки заттын жетишсиздигинин себептери талкууланып, өндүрүш кубаттуулугун пландалган чекке жеткирүү, кагаз продукциясын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча иштеген ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close