Сокулук районунун Новопавловка айылындагы «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу фабрикасы бут кийимдерди тигүүдө италиялык роботтук жана санариптик технологияны пайдаланып, атамекендик бут кийим чыгаруучу биринчи заманбап ишкана болуп саналат. Компаниянын ишмердүүлүгү менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев таанышып чыкты. Ишкана материалдарын Орусия, Италия жана Түркиядан алдырып келип, рынокко сапаттуу продукциясын чыгарат. Өндүрүш кубаттуулугу жылына 300 миң жупка жетип, 100гө чукул адам жумуш менен камсыз болгон. Жакынкы жылдары компаниянын жетекчилиги өндүрүш кубаттуулугун жылына 1 млн жупка чейин кеңейтүүнү, кызматкерлердин санын 300 адамга чейин көбөйтүүнү пландоодо. Ошондой эле энергия менен камсыздоону турукташтыруу максатында фабриканын чатырына күн панелдерин орнотуу башталды. Бул кадам жашыл сертификат алууга мүмкүнчүлүк түзүп, экологиялык жактан таза өндүрүштү колдоого алат. Өзгөчө компаниянын бренддерин Европа рыногуна интеграциялоо үчүн маанилүү.
Иш-чаранын жыйынтыгында компанияга экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, кайра иштетүүчү энергиянын булактарын колдонууда, жашыл өндүрүшкө өтүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.