Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрликте фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында дыйкан-фермелерди жана кызыкдар тараптарды тейлөө борбору ачылды.


Бул жерде дыйкан-фермерлер министрликтин тажрыйбалуу адистеринен, “Айыл банк”, “Элдик банк” өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине тиешелүү жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал жерде айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистер жарандарды жекеме жеке кабыл алып, кеңеш берет.


Белгилей кетсек, ушундай эле тейлөө борборлору учурда пилоттук негизде Каракол, Кара-Суу жана Жалал-Абад шаарларында ишке кирип жатат.


Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.


Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты төмөндөгү телефон номери аркылуу сурап билүүгө болот. 0312 62-37-26.

Show More
Back to top button