Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.
Бул сурамжылоонун максаты – ишканалардын жайгашкан жерин эске алуу менен сырьего болгон керектөөлөрдү аныктоо, аларды жакынкы райондордо өстүрүлгөн сапаттуу чийки зат базасы менен камсыз кылуу, аталган сурамжылоого кошумча нарк чынжырын төмөндөтүүгө, ошондой эле, фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын ортосундагы координация деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк түзөт.
Сурамжылоого төмөнкү шилтеме боюнча өтсөңуз болот: https://forms.gle/tQqDukYCpPDczwRu6