Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Биримдик айыл аймагындагы Өзгөрүш айылында атайын текшерүүлөрдү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Э.Н. аттуу жаран Талас-Тараз унаа жолунун түштүк тарабында мыйзамсыз турак-жай куруу максатында айыл чарба багытындагы жердин кыртышын бузгандыгы аныкталган. Жыйынтыгында, ага КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодесинин 242-беренеси менен административдик айып пул салынды.
Ошондой эле, жер кыртышын бузгандыгы үчүн, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык, жерлерди бузууда келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелип, салынган айып пул мамлекеттин эсебине өндүрүлдү.