Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жыл башынан тартып топурактын күрдүүлүгүн аныктоо боюнча 291 үлгүнү алынган – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жыл башынан тартып топурактын күрдүүлүгүн аныктоо боюнча 291 үлгүнү алынган

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Борбордук жана Ош адистиштирилген контролдук-токсикологиялык лабораториялары (Борбордук жана Ош АКТЛ) тарабынан жыл башынан баштап 1139 үлгүгө анализ жазалды. Атап айтканда минералдык жер семирткичтердин сапатын аныктоо – 92 үлгү, органикалык жер семирткичтер – 65 үлгү, пестициддердин сапатын аныктоо – 11 үлгү, өсүмдүк продукциясындагы пестициддердин калдык санын аныктоо – 852 үлгү жана топурактын күрдүүлүгүн аныктоо – 291 үлгүнү түзүп, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 794 үлгүгө көп болду.
Бүгүнкү күнгө карата борбордук адистиштирилген контролдук-токсикологиялык лабораториялары (АКТЛ) тарыбана ГОСТко туура келбеген 1 үлгү аммофос жана 1 үлгү диаммафоска, Ош АКТЛ тарабынан 3 үлгү аммиак селитрасы жан 1 үлгү аммофос аныкталып, лаборатордук изилдөөлөрдүн протоколдору территориалдык башкармалыктарга тапшырылды.
Бул минералдык жер семирткичер Казакстан жана Өзбекстан Республикаларында өндүрүлүп, мыйзамсыз жол менен өлкө аймагына киргендиги аныкталып, Департаменттин территориалдык башкармалыктарынын адистери тарабынан минералдык жер семирткичтерди сатуу ээлерине, “Кыргыз Республикасынын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо” Мыйзамын аткаруу боюнча эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button