Жалпы республика боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ветеринардык кызматынын көзөмөлүнө тиешелүү болгон 73242 объект катталган. Бул орточо эсеп менен алганда бир инспекторго 75 объект туура келет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 2024-жылдын 3-кварталына 1290 субъект пландык текшерүүгө макулдашылган, анын ичнен 1100 текшерилип – 300 көрсөтмө берилип, 1 304 500 сом айып салынган. Ал эми 2024-жылдын 4-кварталына «проверкакж» электрондук порталына 1568 субъект киргизилип, макулдашылды.