Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүнүн программасы бекиди

Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу мөмө-жемиш продукциясы менен камсыз кылуу жана багбанчылык тармагынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүнүн 2025-2029-жылдарга карата Программасын” бекитти (2024-жылдын 14-октябрындагы № 633-т тескеме). Бул программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата Иш-аракеттер планын ишке ашырууга жана 2024-жылдын 22-июлындагы Президенттин № 202 Жарлыгы менен аныкталган агроөнөр жай комплексин узак мөөнөткө өнүктүрүүгө багытталган.

Программанын негизги милдеттерине өнүкпөгөн жана асылдуулугу төмөн жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, багбанчылыкты, жүзүмчүлүктү жана агро токой чарбасын өнүктүрүү кирет. Бул чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана багбанчылык секторунда экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган.

Программаны ийгиликтүү аткаруу үчүн фермерлерди жана ишкерлерди колдоо чаралары каралган, мисалы, мөмө-жемиш продукциясын өстүрүү жана кайра иштетүү үчүн зарыл болгон заманбап технологияларга жана ресурстарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу. Ошондой эле, айыл аймактарында жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт, бул калктын жашоо деңгээлине оң таасирин тийгизет.

Show More
Back to top button