Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарабын экспорттоду

2024-жылдын жай мзгилинде Кыргызстандын «Аталык групп» компаниясы Кытай тарап менен КЭРдин аймагына спирт ичимдиктерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тандоо “Кагор Черные глаза” шарабына туура келген. Анткени ал ичимдиктин ширин келип, спирттин өлчөмү бираз жогорураак экендиги белгиленген. Жакында КЭРдин аймагына Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө “Черные глаза” Торугарт өткөрмө бекети аркылуу жөнөтүлдү. Ал үчүн компания Кытай тараптын бардык экспорттук шарттарын (фитосанитардык сертификат, фумигациялоо жөнүндө мыйзам ж.б.) аткарган. Ошентип, кыргыз компаниясы өз продукциясын Кытайга экспорттоону көбөйтө баштады.

Show More
Back to top button