Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Азыркы учурда күздүк айдап себүү үчүн кылкандуу дан эгиндеринин 36,2 миң тонна үрөнү топтолду

Азыркы учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин адистери тарабынан күздүк кылкандуу дан эгиндерин кондицияга жеткирүү максатында үрөндөрдү текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

2024-жылдын күздүк айдап себүүсүнө карата Республика боюнча жалпы 37,4 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттери тарабынан 24-октябрга 36,2 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, камсыздалганы 96,8% түздү. Анын ичинен күздүк буудайдын үрөнүнүн керектөөсү 36,2 миң тоннаны түзсө, топтолгону 35 миң тонна же 96,6% түзгөн. Күздүк арпанын үрөнүн керектөөсү 1,2 миң тонна болсо, топтолгону 1,2 миң тонна же 100% түздү.

Департаменттин региондук башкармалары тарабынан 2024 жылдын 24-октябрына карата 19,1 миң тонна күздүк дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү, анын ичинде 18,4 миң тонна күздүк буудай жана 709,1 тонна күздүк арпа текшерилди. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн текшерилген үрөндөрүнүн ичинен 18,7 миң тонна же 51,8% себүү кондициясына туура келген, анын ичинде күздүк буудай 18 миң тонна же 51,6%, күздүк арпа – 679,1 тонна же 57,8 % түздү.

Show More
Back to top button