Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бир гектар Ферула өсүмдүгүн өстүрүүдөн алынган киреше 200-400 миң долларга чейин жетет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ферула өсүмдүгүн өстүрүү дыйкандар үчүн экологиялык, экономикалык жана финансылык чоң мааниге ээ экенин белгилейт.

Ферула – жапайы, маданий өсүүчү көп жылдык чөп өсүмдүк болуп саналат жана ал таштак жерлерде, өзгөчө камкордукту талап кылбаган өсүмдүк.

Феруладан алынган негизги коммерциялык продукт болуп беш жашка чейинки өсүмдүктөрдүн тамырынан кесип алынган асафетида чайыры эсептелинет. Алсак, бир феруладан 50 граммдан 130 граммга чейин чайыр алууга болот. Асафетиданы жыйноо процесси бир топ кол эмгекти талап кылат.

Ошондой эле, асафетида элдик медицинада, косметологияда, фармацевтикада жана тамак-ашка татымал катары да колдонулат.

Белгилей кетсек, асафетида продукцияны сатуудан түшкөн кирешеси жайыттарды пайдалануудан алынган кирешеден 15-30 эсе көп болоору болжолдонууда. Жалпысынан бир гектар жерден орточо 200 дөн 400 миң долларга чейин киреше алууга мүмкүнчүлүгү бар

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасында Феруланын табигый запастарын сактоо жана калыбына келтирүү, эгүү, өстүрүүгө дем берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 537-т тескемеси кабыл алынган.

Show More
Back to top button