Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев дүйнөдөгү эң ири үрөн компаниялардын бири Limagrain дин өкүлдөрүн кабыл алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, КР агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Эрлист Акунбеков жана үрөн өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири 5 компаниянын бири Limagrain Europe‘тун башкы директору Антуан Коломбо менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстанда буудай, арпа жана жүгөрү багытында үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду баштоо боюнча сөз кылышты. Тактап айтканда, сөз болуп жаткан өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн аталык-энелик линияларын сыноо иштерин жүргүзүү, андан соң алдыңкы жылдары аталган уруктарды Кыргызстанда өндүрүп баштоо тууралуу талкуулашты. Бакыт Төрөбаев бул демилгени колдоого алып, министрлик ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айтып, бул тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо маанилүү ролду ойноп, дан азыктарынын сапатын жакшыртууга таасир берээрин билдирди.
Limagrain үрөндөрү өзүн мыкты көрсөткөн сапаттуу продукт. Ал эми Limagrain компаниясы дүйнөдөгү алдыңкы 5 үрөн компаниянын катарын толуктайт жана илимий изилдөө иштерине жылына 12 миллион АКШ долларын жумшайт.
Белгилей кетсек, биринчи ирет ушундай деңгээлдеги компаниянын башкы директору Кыргызстанга келип, өлкөнүн потенциалы менен таанышты.

Show More
Back to top button