Ысык-Ата районунда Кант шаарынын борборунан 13 чакырым жана Бишкек шаарынан 21 чакырым алыстыкта “1-Май” БДР капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Иштер үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган жана ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин аяктоо пландаштырылууда.
Жумуштар аткарылаган соң 7822 га жердин сугат суу менен камсыздалышы жогорулайт. Бүгүнкү күндө иштер 85%га аткарылды.
Мындан тышкары, Ысык-Ата районунда Кант шаарынын борборунан 12,5 чакырым жана Бишкек шаарынан 24 чакырым алыстыкта “Ивановка” БДРде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Сугат жерлеринин суу менен камсыздалышын жогорулатуу аянты 700 гектарды түзөт. Капиталдык оңдоо иштери 22-августта башталган. Аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын аягы.
Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.