Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкесине 30 миңдей адам катышты

Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган “Алтын күз” жарманкесине жалпысынан 200гө жакын айыл чарба продукцияларын өндүргөн ири ишканалар, дыйкандар, ассоциациялар, кластердик бирикмелер, дыйкан чарбалар жана кол өнөрчүлөр катышты.
Ошондой эле, “Тойбос”, “Аталык”, “Аква Пром”, “Белая Река” , “Алайкуу органик”, “Абдыш Ата” сыяктуу ири компаниялар азыктарын жарманкеге алып чыкты.
Белгилей кетсек, “Алтын күз” жарманкесине болжол менен 25-30 миң киши катышты. Анда шаар тургундары өздөрүнө керектелүүчү бардык органикалык азыктарды сатып алуусуна шарт түзүлдү.
Иш-чарадагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын тизмеси:
Эт азыктары (кой, уй, жылкы, топоздун эти) 500-600 сомдон сатылып жатты.
Картөшкө – 16-17 сом
Пияз – 18-20 сом
Жумуртка – 9,5 -10 сом
Күрүч – 220-230сом
Алма – 30-40 сом
Сабиз – 30 сом
Кумшекер – 73-74 сом
Ун -1500 сом 50 кг
Андан тышкары, бардык катышуучуларга дем берүү максатында ыраазычылык кат ыйгарылды.

Show More
Back to top button