Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Таласта эки сугат канал ишке берилди

Талас облусунунун Бакай-Ата районундагы Үрмарал өзөнүнөн эки жакка (оң-сол тарапка) бөлүүчү Кызыл-Жар менен Жалпактил сугат каналдары реконструкциядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Кызыл-Жар каналы 1951-жылы курулган, узундугу – 11,88км түзөт, суу өткөрүү жөндөмдүлүүгү- 2,0м3/сек.
Жалпактил каналы 1957-жылы курулган, узундугу – 13,7 км, суу өткөрүү жөндөмдүлүүгү- 1,5м3/сек.
Кызыл-Жар, Жалпактил каналдарынын реабилитациялоо иштери бүткөрүлүп, 15 694 га жердин сугат суу берүүсү жакшыртылды. Мындан сырткары, Акназаров, Биримдик жана Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн элинин айыл-чарба өсүмдүгүнүн сугат суу менен камсыздоо маселелери чечилди.
Жалпысынан аталган сугат обьетилерди оңдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо иштери аткарылды. Ошондой эле, 2 гидропост (суу өлчөөчү пост) жана 2 автокөпүрөө курулду.

Show More
Back to top button