Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүдө эң кирешелүүсү майлуу зыгыр, чирченин судан гибриди

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбагчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин уюштуруусунун негизиде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «КИРБИ» үрөнчүлүк чарбасынын базасында 50 га аянтта май зыгыры, 15 га аянтта чирченин судан гибриди, 3 га аянтта 2-сорттогу буурчак жана 30 гектар аянтка таруу, 12 га сабиздин, 2 га пияздын үрөнүн өндүрүү боюнча демонстрациялык себүү уюштурулган.
Натыйжада:

  • Майлуу зыгыр 1 гектардан 2,1 тонна үрөндүн түшүмдүүлүгүн камсыздап, 1 га аянтка 30 миң сомдук чыгаша сарпталган. 1 тонна үрөндүн наркы 60 миң сом болуп, 1/га жерден 96 миң сомдук киреше алынган.
  • Чирченин судан гибридинин жашыл массасы 1га аянттан 100 тоннадан түшүм берип, чыгаша 1га аянттан 50 миң сомду түздү. 1 тоннанын наркы – 3000 сом болуп, 1га аянттан 250 миң сомдук пайда алып келди.
    -Буурчактын Ракета жана Тренди сорттору 1 гектардан 2,5 тонна түшүм берип, 1 га аянтка 40 миң сом чыгаша сарпталган. 1 тоннанын өздүк наркы 35 миң сомдон болуп, 1 гектардан 47,5 миң сомдук киреше алып келди.
  • Сары таруу 1 гектарынан 3 тоннадан түшүм алынып, 1 гектардан 25 миң сомдук чыгаша, 1 тоннанын наркы 25 миң сомдон айланып, 1 га жерден 50 миң сомдук киреше алып келген.
  • Сабиздин үрөнү 1 га аянттан 213 кг алынып, чыгаша 1 га 158417 сомду түздү, 1кг үрөндүн баасы – 1100 сомдон айланып, 1га аянттан жалпы кирешеден чыгашаны алгандан кийинки түшкөн пайда 75883 сомду түздү.
  • пияздын үрөнү 1 га аянттан 70,6 кг алынды. 1га аянтка кеткен чыгаша 184046 сом, пияздын үрөнүнүн 1кг баасы 2800 сом, 1га аянттан алынган жалпы кирешеден чыгашаны алганда, таза пайда 13634 сомду түздү.
    Корутундулар жана сунуштар. Жогорудагы маалыматтардан көрүнүп тургандай, айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүдө эң кирешелүүсү: майлуу зыгыр, чирченин судан гибриди жана сабиздин үрөнү.
Show More
Back to top button