Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба күнүнө карата бир катар дыйкандар жана ишкерлер сыйланды

Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драмалык театрында өттү.

Иш-чарада айыл чарба тармагында эмгеги сиңген Министрликтин бир катар кызматкерлери жана дыйкан-фермерлер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ардак Грамотасы жана Төш белгилери менен сыйланышты.
Ошондой эле, агроөнөр жай тармагын көтөрүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушкан кайра иштетүү өнөр жайынын ишкерлерине бир катар номинациялар ыйгарылды.

Жогоруда аталган иш-чарага айыл чарба тармагынын эмгек сиңиришкен бир катар ардактуу өкүлдөр, элчиликтин өкүлдөрү, агроөнөр жай комплексинин жетекчилери, кызматкерлери, дыйкан-фермерлер, ишкерлер жана Министрликке тиешелүү ведомстволуктун жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Show More
Back to top button