Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Акылбек Жапаров “АгроТехЭкспо-2024” жана “Алтын Күз” көргөзмө жарманкесинин жүрүшү менен таанышты

Бишкекте Республикалык “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүүдө. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулууда.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министри Бакыт Төрөбаев менен бирге Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган көргөзмө жарманкеси менен таанышты.


Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлүүдө.

Show More
Back to top button