Маанилүү жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине атайын техникаларды тапшырды

Бишкекте “Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына карата Республикалык “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси башталды. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техниканы тапшыруу аземи менен башталды.
Кыргыз Республикасынын ирригациялык фондун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматына атайын техниканы сатып алууга республикалык бюджеттен 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Анын негизинде конкурс жарыяланып, 104 даана атайын техниканы сатып алууга 999 000 000 сом суммасына келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 66 даана техника 643 000 000 сомго жеткирилди, анын ичинде: дөңгөлөк менен жүрүүчү узун бум экскаватор-28 бирдик, жүк көтөрүүчү манипулятор 8 тонна – 6 бирдик, алдыңкы жүктөгүч 3 м3 – 10 бирдик, узун бум экскаватор жөрмөлөгүч менен-8 бирдик, өзүн-өзү жүктөөчү бетон аралаштыргыч-8 бирдик, бульдозер-4 бирдик, грейдер-1 бирдик, 35 орундуу автобус-1 бирдик.
Калган 38 атайын техниканын 2024-жылдын ноябрь айынын аягына чейин келиши күтүлүүдө.
Мындан сырткары Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына 40 кызматтык унаа тапшырылды.

Show More
Back to top button