Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Баткен облусунда айыл чарба продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өттү

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү”  II Эл аралык инвестициялык форумдун алкагында көргөзмө-жарманке өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев баштаган мамлекеттик органдардын, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү А. Соловьева баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Россия, Кытай жана Түркиядан келген инвесторлор катышты. Жарманкеде облустун район шаарлары аймакта өндүрүлгөн айыл чарба, өнөр жай жана кол өнөрчүлүк продукцияларын көрсөтүштү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти биофермерлерге өзүнүн органикалык каражаттарын жана «Кыргыз Реал Органик»  ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган органикалык жер семирткичтерди сунуштады.

Жалпысынан 50гө жакын ишкана катышкан жарманкенин максаты Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүүгө багытталып, аймактын инвестициялык жана туристтик  потенциалын көрсөтүү менен бирге кызыккан тараптардын кызматташуусуна мүмкүнчүлүк түзүү болду.

Show More
Back to top button