Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Малдарды жасалма жол менен уруктандыруунун пайдалары

Кыргызстанда жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу асыл тукум малдарын көбөйтүү, малдарды сандан сапатка өткөрүү иштери жылдан жылга өнүгүүдө. Азыркы учурда каалаган асыл тукумундагы букалардын уруктарын жергиликтүү тукумдагы уйларга жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу сапаттуу төл алууга мүмкүн. Асыл тукум малдарынын азыктүүлүгү тандалган асыл тукум малдын багытына байланыштуу болот. Мисалга сүт багытындагы, эт багытындагы уйлар менен аргындаштырылса малдын азыктуулугу ошол багытка карап жогорулайт, натыйжасында эт жана сүт берүүсү жөнөкөй тукумдагы уйлардан кыйла жогору болуп, сиздин кирешеңизге кыйла оң жагына таасир этет, анткени асыл тукум малдарынын тоютка болгон сарптоолор жөнөкөй тукумдагы малдардыкындай эле сарпталып жана чыгымы аз, бирок кирешеси көп малдарга ээ боло аласыздар.

Show More
Back to top button