Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Агротармакка заманбап технологияларды киргизүү Кыргызстандын эл аралык рыноктордогу позициясын бекемдейт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Pherobio Technology Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өсүмдүктөрдү коргоого жана өлкөнүн агроөнөр жай тармагынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган айыл чарбасына инновациялык технологияларды киргизүү жаатында кызматташуунун келечегин талкуулоо болду.

Тараптар зыянкечтерге каршы күрөшүүдө биотехнологияны жана экологиялык таза чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана экологиялык тазалыгын жогорулатуу үчүн Pherobio Technology Co., Ltd. тарабынан иштелип чыккан феромондук тузактарды колдонуунун келечегин талкуулашты. Pherobio Technology Co., Ltd өкүлдөрү бир катар өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулган жана жогорку эффективдүүлүктү көрсөткөн инновациялык иштеп чыгууларды көрсөтүштү.

Төрөбаев айыл чарба тармагына заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Pherobio Technology Co., Ltd. сыяктуу компаниялар менен кызматташуу Кыргызстандын эл аралык рыноктордогу позициясын бекемдеп, органикалык өлкө катары ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатарын баса белгиледи.

«Феробионун иштеп чыгуулары сыяктуу экологиялык жактан таза жана эффективдүү чечимдерди колдонуу биздин фермерлерге айлана-чөйрөгө минималдуу таасири менен жогорку түшүм алууга жардам берет», – деп баса белгиледи министр.

Өз кезегинде Pherobio Technology Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти жана Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жаатында биргелешкен иш жүргүзүү үчүн чоң потенциалды көрүп жатышканын баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун мындан аркы планын иштеп чыгуу, эки өлкөнүн ортосунда Жумушчу топ түзүү жана республикада пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Show More
Back to top button