Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев Казакстандын айыл чарба министри менен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн, 15-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Казакстан Республикасынын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери, соода-экономикалык мамилелерди жана инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча кеңири талкуу болду.

Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык чынжырларды өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү маселелери да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы айыл чарба тармагындагы мамилелерди бекемдөө жана көтөрүлгөн маселелерди ишке ашырууда тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Show More
Back to top button