Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. Джаныбеков Чүй облусундагы бир нече сүт фермаларын кыдырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр А. Джаныбеков Чүй облусундагы бир нече сүт фермаларын кыдырды

2021-жылдын 11-апрелинде, министр Аскарбек Джаныбеков Чүй облусундагы бир нече сүт фермалардын кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн, алардын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен таанышып чыкты.

Алгач, “Кант-Сүт” ЖЧКсында болуп, анда сүттү кабыл алуу жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң Сокулук айылындагы ишкананын сүт кабыл алуу пунктунда болду.

Андан соң, Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорундагы “ИП” Дан чарбасынын жана “Тилек” сүт-товар фермасынын иши менен таанышты.

Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы ЖЧК “Жайыл-Сүт” сүттү кайра иштетүүчү заводунда болду.

Анда сүт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен ветеринардык дары-дармектерди колдонуу, алардын продуктуларын физикалык жана химиялык анализдөө, сүт азыктарын өндүрүүдө антибиотиктерди колдонуу, бааларды түзүү, ошондой эле сүт өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө салык салуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, ишканалардагы жана дыйкан чарбаларындагы электр энергиясынын тарифтештирилиши, иштин түрүн лицензиялоо жана даяр сүт азыктарын сатуу маселелери көтөрүлдү.

Жакынкы күндөрү сүт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр, фермерлер жана ветеринарлар чакырылып, алар менен бирге жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле сүт өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн бири-бири менен ийгиликтүү кызматташуусунун ачык-айкын механизмдерин иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button