Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Нарын облусунун Орто-Саз жана Жаны-Жол айылдарында заманбап таза суу системасы ишке берилди

Кара-Кыргыз автономия облусунун 100-жылдыгына карата Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Саз айылындагы бүткөрүлгөн таза суу системасы Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан салтанаттуу түрдө ачылып ишке берилди.

Курулуш-монтаждоо иштери алкагында аткарылган иштер:

1. 100 м. тереңдикте скважина бургуланды;

2. Скважинага 45 м. терендикте энергоэффективдүү насос орнотулду;

3. көлөмү V=25м3 болгон суу мунарасы курулду;

4. калкка берилүүчү сууну дезинфекциялоо үчүн бактерициддик түзүлүштөр орнотулду;

5. узундугу 5 055 м. суу бөлүштүрүүчү тармагы курулду;

6. 42 даана темир-бетон кудуктары орнотулду.

7. Бардык социалдык объектилер: бала бакча, орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, мечит, административдик имарат суу түтүгүнө кошулган.

Институционалдык өнүктүрүү боюнча аткарылган иш-чаралар:

Программанын алкагында «Уч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканасын ачууга колдоо көрсөтүлдү, ишкананын кызматкерлерине техникалык эксплуатациялоо боюнча окутуулар өткөрүлдү, муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн колдоо үчүн компьютердик техникалар сатылып алынды.

Санитария жана гигиена багытында өткөрүлгөн иш-чаралар:

Суу, санитария жана гигиена маселелерин жайылтуу багытында окуучуларга жана үй-чарбаларына “Мектептеги суу, санитария жана гигиена” жана “Үйдөгү санитарияны жакшыртуу” усулдары боюнча окутуулар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган айыл Нарын облусунун таза суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында бүткөрүлдү.

Мындан сырткары, Нарын облусунун Жаны-Жол айылында заманбап таза суу системасы ишке берилди.

Курулуш-монтаждоо иштеринин алкагында аткарылган иштер:

 – курулган суу түтүк тармактарынын жалпы узундугу 12,8 чакырымды түзүп, үй чарбалары үчүн 45 кудук орнотулду.

Show More
Back to top button