Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлиги “Элита” асыл тукум мамлекеттик станциясынын айланасына 1140дан ашык сапаттуу көчөт олтургузду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлиги “Элита” асыл тукум мамлекеттик станциясынын айланасына 1140дан ашык сапаттуу көчөт олтургузду

2021-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык “Элита” асыл тукум мамлекеттик станциясынын тегерек четин тазалап, таштандыларын терип ишембилик өткөрдү.

Мындан сырткары айлана чөйрөнү жашылдандыруу менен экологияны коргоо максатында “Элита” асыл тукум мамлекеттик станциясынын айланасына 1140дан ашык сапаттуу алма, өрүк, терек көчөттөрдүн алдыңкы  сортторун олтургузулду.

Ишемблике министр А.Джаныбеков, министрдин орун басарлары ошондой эле борбордук аппараттын кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары кызматкерлери катышты.

Көчөт отургузуу иш-чарада министр өз сөзүндө ” Көчөттөрдү олтургузуу менен мөңгүлөрдүн эришинен сактап, экологияны коргой алабыз. Көчөттөрдү отургузууда өзгөчө көңүл буруп, аяр мамиле кылгыла. Күз мезгилинде көчөттөрдүн канчасы өнгөндүгү жана өнбөгөндүгүнөн кабар алабыз, – деди ал.

Эскерте кетсек буга чейин министрлик “Бир жарандан бир көчөт” аттуу чакырык менен республиканын жарандарын жер-жерлерде аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөгөн.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button