Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министринин орун басары Илич Марсбек уулу “Хэнан Гуйю” корпорациясынын директору Чжан Шивэйдин менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министринин орун басары Илич Марсбек уулу “Хэнан Гуйю” корпорациясынын директору Чжан Шивэйдин менен жолукту

2021-жылдын 5-апрелинде,  Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу “Хэнан Гуйю” корпорациясынын директору Чжан Шивэйдин менен жолукту.

Жолугушуунун максаты, КЭРдин агроөнөр жай комплексине байланыштуу болгон кытайлык компаниялардын өкүлдөрү  шарп оорусуна каршы вакциналар менен бекер камсыз кылуу боюнча мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо болду.

Ошондой эле, кийинчерээк Кытай мамлекетине этти экспорттоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында 100 миң бодо малга ферма куруу пландарын талкуулашты.

Чжан Шивэй өзүнүн компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, компания Кытайда гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иштеп жаткандыгына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрдин орун басары Ильич Марсбек уулу Кытай тарап белгилеген маселелер боюнча министрлик жардам берүүгө даяр экендигин билдирип, кызматташууга даяр экенин айтты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button