Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Мыйзамсыз берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы жер тилкелерди кайтаруу максатында Ош облустук административдик сотуна ош мэриясы 2009-жылдын 8-июнундагы №712 сандуу токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо арыз менен кайрылган.
Тактап айтканда, Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы стадиондун жалпы аянты 5,5 га ичинен спорт комитетинде 2002-жылдан 2015-жылга чейин бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген Шайлообек Атазовго стадиондун 84,0 чарчы метр жер тилкеси мыйзам бузуу менен бектилип берилген.
Натыйжада, 2024-жылдын 25-сентябрында Ош облусунун административдик сотунда иштин маңызы боюнча каралып, жер аянтына чыккан укук тастыктоочу токтом соттун аныктамасы менен 84,0 чарчы метр жер тилке стадиондун эсебине кайтарылды.

Show More
Back to top button