Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын сырьего болгон керектөөсү аныкталууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маанилүү сурамжылоо жүргүзүүдө, анын максаты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын сырьего болгон керектөөсүн иликтөө болуп саналат.
Сурамжылоонун багыты:

  1. Көлөмүн жана зарыл болгон чийки заттардын түрлөрүн аныктоо. Бул кайра иштетүүчүлөргө натыйжалуу иштөөсү үчүн кандай өнүмдөр керек экендигин так билүүгө мүмкүндүк берет.
  2. Сырье өндүрүүчүлөр менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын ортосундагы байланыштарды жөнгө салуу. Бул фермерлер менен кайра иштетүүчү ишканалардын ортосунда түз жана туруктуу байланышты орнотуу чийки зат менен камсыздоо чынжырынын натыйжалуулугун жогорулатып, жоготууларды азайтат.
  3. Натыйжалуу колдоо чараларын иштеп чыгуу. Бул чогултулган маалымат мамлекеттик органдарга фермердик чарбаларга кайра иштетүүчү ишканаларга пайдалуу болгон колдоо чараларын так иштеп чыгууга жардам берет.
    Сурамжылоого катышуу бардык кызыктар тараптарга өздөрүнүн керектөөлөрүн жана күтүүлөрүн билдирүүгө мүмкүндүк берет, бул узак мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин иштөө шарттарын жакшыртууга алып келет.
    Сурамжылоону толтуруу боюнча суроолор пайда болгон учурда +996706329904/709200499 телефону боюнча кайрылыңыз. Сурамжылоону толтуруу үчүн шилтемесин басыңыз https://forms.gle/sokEXouEgHdPPu9c7
Show More
Back to top button