Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2016-ж. “Республиканын аймактарында агротехникалык механизациялык кызматын көрсөтүүчү ишканаларды (МТС) түзүү жөнүндө” №107-б буйругун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен бирдикте ар бир райондо 2016-2020 жана кийинки жылдары түзүлө турган машина-трактордук станцияларды уюштуруу планын иштеп чыккан. Министрлик тарабынан Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментине жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте ар бир райондо уюшулуп, иштеп жаткан жана 2024-жылы жана кийинки жылдары уюшула тарган МТСтердин санын тактоо тапшырылган. Такталып алынган маалыматтар боюнча 2024-жылы республиканын аймактарында 10 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканасы уюшулган, анын 2 муниципалдык жана 8 жеке менчик. Ал эми чечим кабыл алынгандан бери жалпысынан 152 МТС уюшулуп, алардын 55 муниципалдык, 97 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет жана алардын карамагында 3000 ашык ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар. Мындан сыпткары 2024-жылы республиканын аймактарында 20 МТС уюштуруу болжолдонууда.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021