Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрликте Wildberries маркет-плейсинин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстандын товарларын сатууну башкаруу» окуусу өттү

2024-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде Wildberries маркет-плейсинин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстандын товарларын сатууну башкаруу» окуусу өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жайынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.


Wildberries интернет-дүкөнүнүн өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр, экспорттоочулар жана адистер сатуунун көлөмүн көбөйтүү жана платформада кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын көрүнүүсүн жогорулатуу боюнча стратегияны, ийгиликтүү учурлардын мисалдарын жана продукт сунуштарын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды, ошондой эле продукцияны сертификациялоо талаптарын талкуулашты.


Катышуучулар сертификаттоо процесси жана өндүрүүчүлөргө жеткиликтүү колдоо тууралуу маалымат алышты, тамак-аш азыктарын техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо маселелерин, ошондой эле талаптарды сактоо процессинде мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун ролун изилдешти.

Show More
Back to top button