Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев: “Кайсы райондо жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат”

“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун базасында Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбор ачылды.
Демонстрациялык борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү берет.
Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аймактарга ылайыкталган чакан кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ар бир районго ачуу зарылдыгын белгиледи. Өз сөзүндө мисал катары, жүндү кайра иштетүү маселесине токтолду.
Бул туурасында: “Мына аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 миллион сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжа болобу жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула. Эгер биз райондордо 60 жерге жүндү кайра иштетүүчү өндүрүштү койсок, жүн маселесин чечебиз. Ал эми наркы 120 миң сом эле турган малдын терисин сыйруучу станокту ар бир айыл өкмөтүнө койсок, тери көйгөйүн чечебиз”, – деп баса белгилеп айтты.
Белгилей кетсек, Борбор чакан бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.
Негизги максат – демонстрациялык борбордун ишин көрсөтүү, өнөктөштөрдүн демилгелерин презентациялоо, эл аралык жана ички инвестицияларды тартуу, аймактардагы чакан бизнес менен инновациялык долбоорлорду колдоо үчүн өнөктөштүк байланыштарды түзүү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” уюштурду.

Show More
Back to top button