
Учурда өлкөбүздө малдын терилерин кайра иштетүү боюнча кичи-чоң ишкана цехтердин сандары көбөйүп, кызыгуулар артууда. Буга малдын терисинин сапаттына маани берилип жатканын негиз болууда.
Азыркы мезгилде, баарыбызга белгилүү жер-жерлердеги облус, шаар, райондордо жана айыл аймактарындагы мал союучу жайларда атайын тери сыйыруучу агрегаттары жок иш алып барышып, терилердин сапаты төмөндөөдө.
Мындан улам, Министрлик тарабынан терилердин сапатын жогорулатуу максатында, жер-жерлерде иштеп жаткан мал союучу мекеме уюумдарда, цехтерде ж.б.жерлерде атайын тери сыйыруучу агрегаттардын болуусу талап кылынып жатат.
Буга байланыштуу бардык райондук, шаардык Ветинардык башкармалыктарга Министрлик тарабынан ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышынын зарылдыгы тууралуу тапшырмалар берилди.