Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Департаменттин адистери балык чарбасынын негизги шарттарына мониторинг жүргүзүштү

Балык өнөр жай комплекси департаментинин адистери, суу биоресурстарынын ден соолук кызматынын эл аралык эксперттери профессор Джефф Гроссел- топтун башчысы, доктор Йонас Милиус-көз карандысыз эксперт, доктор Марк Ле Грумеллек- техникалык эксперт, доктор Елена Ореллана Стаматиу- көз карандысыз экспертжана Ветеринардык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын балык чарбасынын негизги шарттарына мониторинг жүргүзүштү.

  1. Балык оорулары боюнча: Вирустук, бактериялык жана грибоктук инфекциялар сыяктуу жугуштуу жана мите оорулардын бары-жогу текшерилди;
  2. Суунун сапаты боюнча: Суунун физикалык жана химиялык параметрлери (температура, рН, кычкылтек, аммиак жана нитраттар) балык запастарынын жашоосу үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу шарттары каралды;
  3. Сактоо шарттары: Балык кармоонун шарттары, анын ичинде балыктын жыштыгы жана баш калкалоочу жайлардын болушуна баа берилди;
  4. Дары каражаттарын колдонуу: Антибиотиктерге жана башка дарыларга туруштук берүү үчүн дарыларды жана кошумчаларды колдонууну көзөмөлдөө жүргүзүлдү.

Аталган мониторингдин жыйынтыгы менен балыктын ден соолугунун жалпы деңгээлин жакшыртуу жана балык чарбасы жана ветеринардык кызматтары үчүн оорулардын коркунучун азайтуу боюнча сунуштар берилет.

Show More
Back to top button