Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан азыркы учурда продукцияны тышкы рынокторго экспорттоо үчүн орто жана ири кайра иштетүүчү ишканаларды, ошондой эле соода-логистикалык борборлорду стимулдаштыруу жана колдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Министрлик тарабынан 2024 – 2028- жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода- логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы иштелип чыгып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен бекитилди.
Ушул Программага ылайык соода-логистикалык борборлорду түзүүнү жана өнүктүрүүнү эки деңгээлде уюштуруу болжолдонууда. Алар эл аралык жана аймактык деңгээлде уюштуралат.
Эл аралык деңгээлде өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө 2 соода-логистикалык борборду түзүү белгиленүүдө. Алар эл аралык ЕАЭБ жана ЕС өлкөлөрүнө, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөргө агроазык-түлүк продукциясын экспорттоого багытталат.
Түндүктө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын кызматташтыгынын алкагында 200 жумуш орду менен, 40,0 га аянтта, айыл чарба продукциясын сактоо көлөмү 3000 тоннаны түзгөн эл аралык соода-логистикалык борбор түзүлөт. Эл аралык борбор экспорттоочу өлкөнүн чек арасынан алыс эмес аймакта, Казакстан Республикасынын чек арасына жакын жерде, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан.
Аймактык деңгээлде республикада 20 соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда.
Жыйынтыктап айтканда, 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасындагы соода -логистикалык долбоорлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча белгиленген максаттарды ишке ашыруу төмөнкүлөргө алып келет:
– бирдиктүү таңгак менен стандартташтырылган продукциянын ири көлөмдөгү чоң партияларын сатып алуучулар үчүн чакан жеке жеткирүүлөрдү бириктирет;
–айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү соода-логистикалык борборлор
менен түзүлгөн келишимдик милдеттенмелерге ылайык өз продукциясын сатууга кепилденген мүмкүнчүлүк алышат;
– айыл чарба продукциясын экспорттоо өсөт, агроөнөр жай продукциясынын комплексинин натыйжалуулугу өсөт жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарт түзүлөт.
Ошентип, экономиканын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык системасын түзүү жана өнүктүрүү рыноктук инфраструктураны жакшыртат, агрардык секторду өнүгүүгө шыктандырат жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.