Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрликте Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына жана Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Аталган иш-чаранын максаты — ар бир кызматкердин мамлекеттик тилге болгон сүйүүсүн, эркин сүйлөөгө умтулуу сезимин ойготуп, кыргыз тилинин улуулугун, тереңдигин, бийиктигин даңазалап, мамлекеттүүлүктү урматтоого багыталды.

Мындан туура 35 жыл мурун Мамлекеттик тил макамынын берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө шыктантып, дем берип келет.

Иш-чараны Көркөм сүрөт академиясынын мугалими, элечек студиясынын жетекчиси, кыргыз улуттук кийимин алып жүрүүчү жана жайылтуучу Сокеева Чынаркүл Белековна тил улуттун жаны, кан тамыры экенин белгилеп кызыктуу маек куруп берди.

Арийне, мамлекеттик тилди Кыргызстандын ар бир жараны билүүгө, сүйлөөгө, окуп-жазууга милдеттүү болушу зарыл. Тил — жандуу процесс. Дайыма өнүгүп, өсүп турат. Демек, мамлекеттик тилди күнүмдүк баардык жашоодо колдонуу баарыбыздын жарандык ыйык парзыбыз болууга тийиш.

Show More
Back to top button