2024 – жылдын 20 – сентябрында Бишкек шаарынын Киев 96а дарегинде жайгашкан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү Министрлигинин имаратынын кичи залында (2-этаж) ЕАЭБ өлкөлөрү менен Монголиянын ортосундагы Эркин соода келишимин иштеп чыгуунун жүрүшү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жыйыны өтөт.
Азык – түлүк продукциясын Монголияга экспорттоо жана импорттоо боюнча бардык кызыкдар тараптарды бажы алымдарынын ставкаларын, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды талкуулоого катышууну суранабыз.
Онлайн катышууга кызыкдар тараптар төмөндө белгиленген телефон номери аркылуу шилтеме алууга болот:+996 312 62 63 76 жана +996 557 557 529 (WA).