Маанилүү жаңылыктар

Өлкөгө 6,1 миӊ тонна жер семирткич ташылып келинди

Республика боюнча үстүбүздөгү жылы 2025-жылдын түшүмү үчүн баардыгы болуп 200,0 миӊ га аянт күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалып, аны кошумча азыктандыруу үчүн жалпы 27,1 миӊ тонна фосфордук жана калийдик жер семирткичтер керектелет. Күздүк кылкандуу дан эгиндерин суукка чыдамдуулугун арттыруу жана нымдуулукту туура колдонуу үчүн аны менен катар фосфордук жана калийдик жер семирткичтерди берүү сунушталат.

2024-жылдын 18-сентябрына карата республика боюнча күздүк кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу үчүн керектелүүчү 27,1 миң тонна фосфордук-калийдик жер семирткичтердин 6,1 миӊ тоннасы ташылып келинип, жалпы камсыздоо 22,6 %ды түздү.

Show More
Back to top button