Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

8 айда 59 ишкана ЕАЭБдин реестрине катталды

Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 2024-жылдын сентябрь айына 59 ишкана киргизилип, жалпысынан 413 ишкана катталды.
ЕАЭБдин Реестринде катталгандар: сүт азыктарын өндүрүү – 44, Бал өндүрүү жана сатуу – 68; балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44; эт азыктарын өндүрүү – 21; улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3; мал союучу ишканалар – 11; тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35; канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар -10; жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23; жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 139; жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 14; ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.
Кытай Эл Республикасынын Реестринде- 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбек Республикасынын Реестринде – 43 ишкана (17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары). Турция мамлекетинин Реестринде – 12 ишкана кирген.

Show More
Back to top button