Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Токтогул шаарындагы мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар алынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Ош-Бишкек унаа жолунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгашкан обьектилерди аныктады.


Жыйынтыгында, Токтогул шаарынын аймагындагы жана Чычкан капчыгайында башаламан жайгашкан көрнөк-жарнактар илинген щиттер алынып, баштапкы калыбына келтирилди.


Эскерте кетсек, КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлоо обьекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жыл башынан бери республика боюнча жалпы 253 мыйзам бузуу табылган, анын ичинен 203 объект буздурулган.

Show More
Back to top button