
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы ПЖ № 202 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгына ылайык:
- 2030-жылга чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим берүү мекемелеринин жана аскер кызматчыларынын тамак-аш рационуна киргизүү үчүн сертификацияланган ата мекендик органикалык продукцияны гана мамлекеттик сатып алууга өткөрүү боюнча кызыккан ишкерлерди, фермерлерди кызматташууга чакырабыз.
Байланыш үчүн номерлер: 0312 661229; 0555 508220; nurdinova.jypara@mail.ru