Важные новости

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келинген 302 400 даана тоок жумурткасы кайра артка кайтарылды

“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 302 400 даана өлчөмүндөгү тооктун жумурткасы “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.
“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда тооктун жумурткасынын маркировкасы жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Show More
Back to top button